Кыргыз Республикасынын Австралия Биримдигиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев Австралия Биримдигинин генерал-губернатору Дэвид Хёрлиге Ишеним грамотасын онлайн форматта тапшырды

2021-жылдын 3-сентябрында резиденциясы Токио шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Австралия Биримдигиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев Австралия Биримдигинин генерал-губернатору Дэвид Хёрлиге Ишеним грамотасын онлайн форматта тапшырды.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө генерал-губернатор Д.Хёрли М.Арстанбаевди Австралия Биримдигиндеги Кыргыз Республикасынын Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, чек аралар ачылгандан кийин өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды.

Чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Элчи М.Арстанбаев эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу достук байланыштарды илгерилетүүгө жана чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Кыргыз-австралиялык мамилелерди өнүктүрүү темасын улантып, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин өзгөчө белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK