Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Билим берүү министри Эмин Аммрулаев менен жолугушту

2022-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Билим берүү министри Эмин Аммрулаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагын өнүктүрүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын абитуриенттери үчүн квоталык орундарды көбөйтүү боюнча, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын аныкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK