Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов менен жолугушту

2022-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов менен жолугушту.

Эки тарап боордош мамлекеттердин ортосундагы саясий мамилелердин жана өз ара колдоонун эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын чектеринде да жогорку деңгээлдэ экенин белгилеп өтүштү.

Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында аралык жыйынтыктар чыгарылды жана мындан аркы иш-чаралар боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK