Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов, Эл аралык Миграция уюмунун Москвадагы Бюросунун жетекчиси Абдусаттор Эсоев менен иш үстүндөгү жолугушуусу болуп өттү

2020-жылдын 10-декабрында Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов, Эл аралык Миграция уюмунун Москвадагы Бюросунун жетекчиси Абдусаттор Эсоев менен иш үстүндөгү жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда маектештер Кыргызстандан келген мигранттардын региондо эмгектенүүсүнѳ байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты, атап айтканда, алардын эмгек укуктары жана башка аспектилери, жашаган жери боюнча каттоо жана айрым социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгү.

А.Эсоев коронавирус пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттери, Россия Федерациясында эмгектенип жүргѳн мигранттардын абалына тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган региондук долбоорду ишке ашыруу башталгандыгы тууралуу кабарлады. Долбоор миграция динамикасын изилдөө жана мигранттарды коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жѳнүндѳ маселелерди чечүүнү ѳзүнѳ камтыйт.

Р.Бийбосунов бул долбоор бардык тараптарга, биринчи кезекте эмгек мигранттар үчүн пайдалуу болот деген ишенимин билдирди. Ошону менен бирге ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында мигранттардын социалдык жана укуктук адаптацияланышына көңүл бурууну сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK