Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчилигинде кыргызстандык балдар арасында «Менин мекеним –Кыргызстан» аттуу сүрөт конкурсу уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчилигинде кыргызстандык балдар арасында «Менин мекеним –Кыргызстан» аттуу сүрөт конкурсу уюштурулду.

Конкурстун максаты – балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү жана аны жайылтуу, ошондой эле балдардын Мекенине болгон сүйүүсүн жана сезимин ойготуу болуп саналат. Конкурска катышкан балдардын эӊ кенжеси – 4 жашта, улуусу 12 жашта болду.

Конкурска катышкан балдарга өз мекенинин кооздугун сүрөт аркылуу чагылдыруу сунушталган. Бул акция сүрөт тартууда өздөрүнүн талант жана фантазиясын көрсөткөн балдардын шыктануусун арттырды.

Конкурстун жыйынтыгында Элчи Э.Ибраимов Элчиликтин иш-чарасына активдүү катышкандары үчүн балдарга ыраазычылык билдирип, окууларына ийгилик каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK