Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулатиф Жумабаев Абу-Даби Ислам Банкынын Башкармалыгынын мүчөсү, Улуттук Холдинг тобунун жооптуу катчысы Наджиб Файяд менен жолугушту

2021-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулатиф Жумабаев Абу-Даби Ислам Банкынын Башкармалыгынын мүчөсү, Улуттук Холдинг тобунун жооптуу катчысы Наджиб Файяд менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Абу-Даби Ислам банкынын банк тармагында кызматташуу маселелери каралды, атап айтканда, тараптар учурдагы келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты, жакынкы аралыктагы кызматташуу пландарын талкуулашты.

Тараптар эки тарапты кызыктырган кызматташтык маселелери боюнча тыгыз байланышты улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK