Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиевдин Аялдарды жана кыздарды басмырлоо боюнча жумушчу топтун төрагасы М.Упрети менен жолугушуусу болуп  өттү

2021-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиевдин Аялдарды жана кыздарды басмырлоо боюнча жумушчу топтун төрагасы М.Упрети менен жолугушуусу болуп  өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жумушчу топтун үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга боло турган иш сапарына байланыштуу маселелер, алардын ичинде биздин өлкөдөгү аялдардын статусуна байланышкан абал менен таанышуу үчүн, атап айтканда мыйзамдарда аялдарды басмырлоону жок кылуу практикасы боюнча иш чаралар талкууланды.

М.Упрети алдыдагы иш-сапарды уюштуруудагы кызматташтык үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди жана бул жагдай Кыргызстандын БУУнун атайын жол -жоболору менен толук кызматташууга умтулгандыгын көрсөтөрүн белгиледи.

Маалымат иретинде: БУУнун атайын жол-жоболору - бул адам укуктары жаатындагы конкреттүү маселелер боюнча же айрым-бир өлкөлөрдөгү адам укуктарына байланыштуу абал тууралуу маалымат жана консультация берүүгө укуктуу, адам укуктары тармагындагы көз карандысыз эксперттер. Атайын жол-жоболор системасы БУУнун адам укуктары боюнча механизминин борбордук элементи болуп эсептелет жана бардык адам укуктарын: жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктарды камтыйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK