Кыргыз Республикасынын делегациясы Ландсберг шаарындагы «CLAAS Gebrauchtmaschinenzentrum» компаниясына барды

2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев, Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, «Айыл Банк» ААКнын, РСК Банктын, ЖЧК «МТС К.О. Стандарт Агросервис» өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Ландсберг шаарындагы колдонулган айыл чарба техникасын сатуу «CLAAS Gebrauchtmaschinenzentrum» борборуна барды.

Жолугушуунун жүрүшүндө CLAAS колдонулган техникасын сатуу департаментинин башчысы Хубертус Кюстерс айыл чарба техникаларын сатып алуунун шарттары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын делегациясы менен CLAAS компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы техникага караганда 20-40% арзан айыл чарба техникаларын Кыргызстанга жеткирүү боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Ошол эле учурда, тейлөөдөн өткөн колдонулган техниканын сапаты бардык CLAAS стандарттарына жооп берет.

Кыргызстандын өкүлдөрү менен CLAAS компаниясынын ортосунда кошумча консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK