Кыргыз Республикасынын делегациясы Казань шаарында «Россия - Ислам Дүйнөсү» эл аралык экономикалык саммитине катышууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Ж.А.Асанкулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Татарстан Республикасынын Президенти Р.Н.Миннихановдун чакыруусу боюнча 2021-жылдын 28-июлунан 30-июлуна чейин Татарстан Республикасынын Казань шаарында өтө турган «Россия - Ислам Дүйнөсү» эл аралык экономикалык саммитине катышууда.

Кыргызстандын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министри А.Шыкмаматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Кожоев, ошондой эле Кыргызстандын банк секторунун жана бизнес өкүлдөрү бар.

Саммитке катышуунун алкагында Татарстан Республикасынын Президенти Р.Минниханов, Сауд Арабия Королдугунун, Бахрейндин, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркия Республикасынын жана Башкортостан Республикасынын делегацияларынын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландаштырылууда.

Ошондой эле Татарстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын аймагында Татарстандагы ири бизнестин өкүлдөрү менен ишкер сүйлөшүүлөрү өтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK