Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык катары шаардык ишембилик өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык катары, чектеш аймактарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна бекитилген аймактарды жакшыртуу жана санитардык тазалоо боюнча жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү.

Тазалоо иштерине КРдин Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери жана жетекчилиги катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишембиликтин катышуучулары сейил бактын аймагын, тротуарларды, газондорду жана сугат арыктарын таштандылардан тазалашты.

Жалпы иштин жыйынтыгында, Эркиндик бульварынын жана Тышкы иштер министрлигинин айланасы тазаланып, көрктөндүрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK