Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын КЭРгы Элчиси К.Батыгулова Кытайдын Борбордук улуттар университетинин ректору Гуо Гуаншэн менен жолугушуу өткөрдү жана кытай студентерине лекция окууду

2021-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси К.Батыгулова Кытайдын Борбордук улуттар университетинин ректору Гуо Гуаншэн менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда тараптар билим берүү, жогорку окуу жайлар аралык өз-ара аракеттешүү, студенттер менен алмашуу жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Элчи К.Бактыгулова Кытайдын Борбордук улуттар университетинин студентерине Кыргызстан жана эки тараптуу кыргыз-кытай мамилелери жөнүндө лекция окууду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK