Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдык мааракесин майрамдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын "The Peninsula" гезитине интервью берди

2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдык мааракесин майрамдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын "The Peninsula" гезитине интервью берди.

Гезиттин кабарчысы менен болгон маекте Элчи өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүшүн, Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган “Катар кайрымдуулук” фондунун ийгиликтүү долбоорлорун белгиледи. Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн бул Фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ч.Эшимбеков соода мамилелери тууралуу айтып жатып, өлкөлөр ортосунда соода жана инвестиция боюнча пайдаланылбай жаткан чоң потенциал бар деген пикирин билдирди. Жакын арада эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдары түзүлгөндөн кийин экономиканын эки тараптуу багыттарындагы кызматташуусу бекемделет деген үмүтүн билдирди.

Элчи Кыргызстан Катарга азык-түлүк коопсуздугу жаатында жардам бере аларын белгилеп: “Бизде экспортко байланышкан азык -түлүк көп. Биздин тоодогу ак бал Катар базарларына буга чейин жеткен жана сатып алуучулар арасында абдан белгилүү. Азыр биз башка продукцияларды, мисалы, этти киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз».

Кыргызстан менен Катар эки тараптуу келишимдердин бекем пайдубалына ээ, анын негизинде келечектеги мамилелер оңой эле кеңейтилет. Кыргызстандын банк жана туризм секторуна Катардын инвестициясы үчүн эбегейсиз потенциал бар, Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү мыйзамга да өзгөртүүлөрдү киргизгенин маалымдады: «Катардын жеке компаниялары ГЭСтерди, соода жана логистикалык парктарды курууга, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында эркин экономикалык аймактарды жана башка индустриалдык долбоорлорду түзүүгө инвестиция сала алат».

Элчи туризмди эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечектүү багыты деп атап: «Биз туристтерди Перс булуңунун бардык өлкөлөрүнөн кабыл алабыз, бирок катарлыктар Кыргызстанды тааный элек. Түз аба каттамдарынын ачылышы менен туристтердин саны сөзсүз түрдө көбөйөт».

Ал ошондой эле Катар Кыргызстанга Covid-19 пандемиясы менен күрөшүүдө медициналык жардам көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди: "Өткөн жылы Кыргызстан үчүн өтө оор мезгилде, Катар бизге боордоштук гуманитардык жардам, анын ичинде медициналык жабдуулар, ЖПТ ж.б. жардам берди".

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK