Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрайымы Людмила Бабушкина менен жолугушту

2021-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрайымы Людмила Бабушкина менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-россия региондор аралык кызматташтыгы, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды жана парламенттер аралык байланыштар боюнча пикир алмашуулар болду.

Башкы консул Кыргызстанда болуп жаткан ички саясий процесстер, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон сапарынын жыйынтыктары, ошондой эле 2021-жылдын 4-мартында Екатеринбург шаарында болуп өткөн III Эл аралык "Миграциянын аял жүзү" конференциясы жөнүндө маалымат берди.

Р.Бийбосунов Л.Бабушкинага Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын элдеринин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыраазычылык катын тапшырды жана келе жаткан Эл аралык аялдардын 8-март күнү менен жылуу куттуктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK