Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбеков Россотрудничестводо өткөн "Кыргызстанда орус тили - жаңы горизонттор" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

2021-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбеков Россотрудничестводо өткөн "Кыргызстанда орус тили - жаңы горизонттор" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Бул эл аралык долбоор Россия Федерациясынын Президентинин грантынын эсебинен каржыланат жана Россиянын билим берүү мекемелеринде иштеген орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн Россиянын Гуманитардык Миссиясы тарабынан ишке ашырылды. Долбоорго Кыргызстандан 206 мугалим катышты. Квалификациялык этаптардын жыйынтыгы боюнча 10 мугалим конкурстун жеңүүчүсү болуп, 2021-жылдын 9-августунан 13-августуна чейин Москвага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Элчиликтин кеңешчиси М.Жолдошбеков куттуктоо сөзүндө Кыргызстан менен Россиянын маданият аралык диалогун чыңдоодо, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда терең интеграцияланган билим берүү мейкиндигин түзүүдө мындай долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Элчиликтин өкүлү мугалимдердин билим берүүдөгү гана эмес, жаштарды тарбиялоодогу эбегейсиз ролун белгилеп, өсүп келе жаткан муундун маданий өнүгүүсүнө чоң көңүл бурууга жана аларды башка этностордун өкүлдөрүн урматтоого жана толеранттуулукка тарбиялоого чакырды.

Ушуга байланыштуу М.Жолдошбеков Кыргызстан этникалык жана расалык жектөөнүн бардык түрүн, ошондой эле ички улутчулдуктун көрүнүштөрүн кабыл албайт жана айыптайт деп баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK