КРдин Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик Протоколунун башчысы Филипп Франкка ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

2021-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик Протоколунун башчысы Филипп Франкка ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик Протоколдун башчысы Ф.Франк Элчи С.Шер-Ниязды Париждеги резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Франциядагы биринчи Элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол кызматы Кыргыз Республикасынын Элчисинин миссиясын ишке ашырууга бардык тараптан көмөктөшө тургандыгына ишендирди. Ошону менен бирге ал ишине ийгилик каалап, эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде мындан ары жемиштүү алып барышына үмүт артарын билдирди.

Садык Шер-Нияз ыраазычылык жана жакшы каалоо-тилектерин билдирүү менен, эки өлкөнүн мамилесин тереңдетүү жана чыңдоо үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK