Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырзага Ишеним грамоталарын тапшырды

2020-жылдын 16-сентябрында Берлин шаарында, «Бельвю» резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырзага Ишеним грамоталарын тапшырды.

Салтанаттуу аземден кийин болгон маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын Элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер  мырзага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мырзанын атынан салам айтып, Кыргызстанга германдык тараптын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, анын ичинде, COVID-19-га каршы күрөшүүдө, ошондой эле, азыркы социалдык-экономикалык абал жана 2020-жылдын 04-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу маалымдады.

Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Элчи Эрлан Абдылдаев кыргыз-герман кызматтыштыкты ар кандай тармактарда өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелер бекем фундаментке ээ болуп, жигердүү өнүгүп жаткандыгы канааттануу менен белгиленди, ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мырзанын Германияга 2019-жылдын апрель айында болгон расмий сапары ага кошумча дем болгондугу айтылды.

Тараптар, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбор Азия» жаңы демилгесинин алкагында натыйжалуу жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. 

Иш-чаранын соңунда, Германиянын Федералдык Президентинин «Бельвю» резиденциясында салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук туусу көтөрүлдү. 

Аталган иш-чарада германдык тараптан Федералдык Президенттин Администрациясынын Эл аралык маселелер боюнча департаментинин жетекчиси Т.Баггер мырза жана Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Статс-катчысы М.Бергер мырза катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK