Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы, айкалыштыруу менен Польша Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаевдин Кыргыз Республикасынын Польша Республикасындагы Ардактуу консулу Януш Кшивошиньский менен жолугушуусу өттү

2021-жылдын 29-июлунда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы, айкалыштыруу менен Польша Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Польша Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Януш Кшивошиньский мырзаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди, ошондой эле маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдө кыргыз-польша кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун аягында, Кыргыз Республикасынын Элчиси Эрлан Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Януш Кшивошиньскийге Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы, ошондой эле Польша Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык катын тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK