Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы консулдук мекемелеринин бардык кызматкерлеринин катышуусунда консулдук маселелер боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү

Ушул жылдын 27-февралында Бонн шаарындагы Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы консулдук мекемелеринин бардык кызматкерлеринин катышуусунда консулдук маселелер боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө консулдук мүнөздөгү бардык практикалык маселелер, анын ичинде мекендештер менен иштөө, аларга сапаттуу консулдук кызматтарды көрсөтүү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле, Германияда жана кошумча аккредитация өлкөлөрүндө Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдары менен иштөө маселелери кеңири каралды.. Ошол эле учурда Берлиндеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинин башкы адиси материалдык-техникалык базасын текшерип, архивдик материалдарды инвентаризациядан өткөрүп, иш кагаздарын жүргүзүүдө практикалык жардам көрсөттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, бир катар тиешелүү чечимдер кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин консулдук кызматынын ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча конкреттүү сунуштар иштелип чыгат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK