Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин №9029, № 9030 жана № 9031 шайлоо участкаларындагы Референдумда добуш берүүнүн башталышы жөнүндө маалыматы

2021-жылдын 11-апрелинде саат 8:00дө Германиядагы үч шайлоо участкаларында (Кыргыз Республикасынын Берлиндеги Элчилиги, Франкфурттагы консулдук агенттиги жана Бонндогу Элчиликтин Бөлүмү) «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча референдумда добуш берүү башталды.

Германияда добуш берүү укугуна ээ болгон 3334 шайлоочу катталган (консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшыргандар):

1. Берлиндеги №9029 шайлоо участогунда 1669 шайлоочу катталган;

2. Франкфуртта №9030 шайлоо участогунда - 1207 шайлоочу;

3. Бонндогу №9031 участогунда - 458.

Референдум Германиянын бийлигинин уруксаты менен, чектөө чаралары жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK