Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаевдин Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия» Рефератынын башчысы А.Конрад менен онлайн жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаев менен Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия» Рефератынын башчысы А.Конраддын ортосунда онлайн тартибинде жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев Кыргыз Республикасындагы ички саясий процесстер, ушул жылдын
10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасы боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы элдик референдумдун жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле конституциялык реформаны жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү маселелери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, А.Конрад германиялык тараптын эки тараптуу деңгээлде жана Европа Бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасынын демократиялык жана экономикалык өнүгүүсүнө мындан ары колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK