Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Саксония Анхальт федералдык жериндеги Лютерштадт Виттенберг шаарына барды

2021-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Саксония Анхальт федералдык жериндеги Лютерштадт Виттенберг шаарына барды.

Жумушчу сапардын негизги максаты Лютерштадт Виттенберг шаарынын мэри Торстен Цугехёр мырза менен жолугушуу жана Кыргызстан менен Лютерштадт Виттенберг шаарынын ортосунда соода-экономикалык, маданияй-гуманитардык, айыл-чарба тармактарында кызматташтыкты түзүү болду. Жолугушуу алкагында Лютерштадт Виттенберг шаары менен Кыргызстандагы шаарлар менен кызматташтыкты түзүүнү маселесин талкууланды.

Жолугушууну аягында Элчи Эрлан Абдылдаев Лютерштадт Виттенберг шаарынын Алтын Китебине жазуу калтырды.

Жумушчу сапардын алкагында «Эльбнидерунг» ири айыл-чарба кооперативинин жетекчиси Андреас Ханзен мырза менен жолугушуу болду. Аталган кооператив саан уйларды багуу жана көбөйтүү жаатында алектенет. Жолугушуунун аягында кыргызстандык айыл чарба ишкерлери менен аталган кооперативдин кызматташуусун түзүү макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK