Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев “Жамиля – Кыргызстандын майыптары үчүн микроавтобус” аттуу долбоору боюнча пресс-конференцияга катышты

2021-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагында болгон “Жамиля – Кыргызстандын майыптары үчүн микроавтобус” аттуу долбоору боюнча пресс-конференцияга катышты. Долбоор Германиянын Бундестагынын депутаты Андре Хаандын демилгеси менен Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында ишке ашып башталган.

Пресс-конференцияга Германиянын Бундестагынын депутаты, Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш шериктиги өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Йоханн Заатхофф, Бундестагдын депутаты, Бундестагдын “Германия-Борбордук Азия” парламенттик тобунун төрагасынын орун басары Андре Хаан, Батыш жана Чыгыш немец коомдорунун федералдык союзунун жана “Für Selbstbestimmung und Würde e.V. (Өз алдынчалык жана кадыр-барк коому)” Германиянын жалпы майыптар бирикмесинин өкүлдөрү катышты.

Элчи Э.Абдылдаев өз сөзүндө Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга багытталган иш-аракеттер, ошондой эле 2019-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган БУУнун майыптар укуктары тууралуу конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында өлкөдө жасалып жаткан иш-чаралар тууралуу белгиледи. Элчи германиялык шериктерге көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирди жана бул чөйрөдө мындан ары кызматташуунун улантылышына үмүтүн билдирди.

Бул долбоордун алкагында германиялык шериктер тарабынан, анын ичинде Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен алынган микроавтобус Кыргызстандагы “Кыргыз республикалык майыптар коому” коомдук бирикмесине жакын арада тапшырылат.

Маалымат катары: “Жамиля – Кыргызстандын майыптары үчүн микроавтобус” долбоору Батыш жана Чыгыш немец коомдорунун федералдык союзу жана “Für Selbstbestimmung und Würde e.V. (Өз алдынчалык жана кадыр-барк коому)” Германиянын жалпы майыптар бирикмеси тарабынан жана Германиянын Бундестагынын депутаты, Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш шериктиги өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Йоханн Заатхоффдун колдоосу менен ишке ашып жатат. Долбоорду ишке ашырууда Бундестагдын депутаты, Бундестагдагы “Германия – Борбордук Азия” парламенттик топтун төрагасынын орун басары Андре Хаан жигердүү катышып жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK