Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Турдакун Сыдыков жана ИИРнын экономика жана каржы министринин орун басары – Инвестиция, экономикалык жана техникалык жардам боюнча Уюмунун жетекчиси Али Фекринин жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Турдакун Сыдыков жана ИИРнын экономика жана каржы министринин орун басары – Инвестиция, экономикалык жана техникалык жардам боюнча Уюмунун жетекчиси Али Фекринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда, Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков Кыргызстан жана Иран мамилелеринин приоритеттүү багыттары болгон соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Элчи Т.Сыдыков Кыргызстан жеңилдетилген инвестициялык саясат жана ыңгайлаштырылган мыйзамдары менен чет элдик инвесторлор үчүн эң эле жагымдуу мамлекет экендигин баса белгиледи.

Ушул өңүттө, Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков жеке жана мамлекеттик компаниялардан турган иран инвесторлорунун кароосуна жана изилдөөсүнө англис тилине которулган Кыргызстанда ишке ашырылчу 50 инвестициялык долбоорду иран тарапка тапшырды.

Өз кезегинде, ИИРнын Экономика жана каржы министринин орун басары – Инвестиция, экономикалык жана техникалык жардам боюнча уюмунун жетекчиси Али Фекри Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты күчтөндүрүүгө иран тараптын даярдыгын билдирди.

Жолугушунун жыйынтыгында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда гидроэнергетика, айыл-чарба, тоо-кен өнөр жайы жана туризм сыяктуу приоритеттүү сфераларда инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK