Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков “Qatar Charity” кайрымдуулук уюмунун Башкы аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушуу өткөрдү

2021-жылдын 25-апрелинде Доха шаарында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков “Qatar Charity” кайрымдуулук уюмунун Башкы аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар “Qatar Charity” кайрымдуулук уюму аркылуу Кыргыз Республикасында техникалык жана гуманитардык жардам берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты.

“Qatar Charity” Катар кайрымдуулук уюму 1992-жылы түзүлгөн жана Жакынкы Чыгыштагы ири кайрымдуулук уюмдардын катарына кирет. 1997-жылдан тартып “Qatar Charity” БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинде мүчө-байкоочу статусуна ээ. Аталган уюмдун дүйнө жүзүндө 30-га жакын өкүлчүлүгү бар. 2017-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында Катар кайрымдуулук уюмунун “Qatar Charity” өкүлчүлүгү ачылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK