Чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү үчүн регионалдык маанидеги эл аралык уюмдар катары «Казакстандан Кыргызстанга жөө жүрүш» долбоорунун алкагында брифинг уюштурулду

2023-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин (СВМДА) катчылыгы менен биргеликте чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү үчүн регионалдык маанидеги эл аралык уюмдар катары «Казакстандан Кыргызстанга жөө жүрүш» долбоорунун алкагында брифинг уюштурду. Брифингдин жүрүшүндө “Көлсай – Ысык-Көл” маршруту боюнча программа жана бул долбоорго катышуу шарттары тааныштырылды.

Айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүктүрүү жана туризм сыяктуу приоритеттүү чөйрөлөрдө СВМДАнын ишеним чараларын ишке ашыруунун алкагында бул долбоор Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү тарабынан колдоого алынган.

Бул жөө жүрүштү өткөрүү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тоолуу өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгесин ишке ашырууга тиешелүү салым кошуп, анын ичинде Кыргызстандын жана Казакстандын чек ара, туризм жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү кызматтарынын өз ара аракеттенүүнү күчөтүү. Мындан тышкары, тоо туризмин илгерилетүү туризмди өнүктүрүүгө жана экономиканын өсүшүнө, региондун инвестициялык жагымдуулугуна, ошондой эле дүйнө коомчулугунун көңүлүн айлана-чөйрөнү коргоого, сергек жашоо образына жана тоодо ачык сейилдөө иштерине тартууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK