Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев баштаган Жалал-Абад облусунун делегациясынын Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна иш-сапары уюштурулду

2021-жылдын 11-12-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин көмөктөшүүсү менен 2021-жылдын 30-31 мартында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев баштаган Жалал-Абад облусунун делегациясынын Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна иш-сапары уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаевдин Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун хокими Шавкатжон Абдуразаков менен болгон расмий жолугушуусунун жүрүшүндө, тараптар эки облус ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын талкуулашты. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов дагы катышты.

Саламдашуу сөзүндө Элчи Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын белгилеп, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жаатында жетишилген келишимдер жөнүндө кыскача маалымат берди.

Расмий жолугушуудан кийин Наманган шаарындагы «Уч фаввора» («Үч фонтан») мемориалдык комплексинде Кыргызстандын мамлекеттик желегин көтөрүү аземи уюштурулду.

Сапардын расмий бөлүгүн улантып, 2021-жылдын 31-мартында Наманган шаарында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн 40тан ашуун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жалал-Абад-Наманган» бизнес-форуму болуп өттү. Бизнес форумдун алкагында B2B жана B2G жолугушуулары да өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK