Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы  Элчиси Динара Кемелова маданий калыбына келтирүү жана индустриялаштыруу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча конференцияга катышты

2021-жылдын 23-апрелинен 24-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы  Элчиси Динара Кемелова маданий калыбына келтирүү жана индустриялаштыруу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча конференцияга катышты. Иш-чара Түштүк Кореянын Хамянг уездинин администрациясы тарабынан уюштурулган.

Конференцияга Сеулда аккредиттелген 9 мамлекеттин элчилери катышты. Конференциянын алкагында көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн туристтик дараметинин презентациялары, ошондой эле инфратүзүмдү, айыл чарбаны, ден соолукту жакшыртуучу туризмин жана жергиликтүү продукциясын илгерилетүүнү өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу болду.

Иш-чаранын алкагында Элчи Д.Кемелованын Хамянг уездинин мэри Со Чхун Су менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жана Түштүк Кореянын региондорунун, атап айтканда, Нарын облусу менен Хамянг уездинин ортосундагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK