Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин пресс-релизи

2020-жылдын 18-июнунда Чханнён шаарында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Д.Кемелованын Кёнсан-Намдо провинциясындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Корея Республикасында жашоосу, эмгек миграция, коронавирустун кесепетинен миграциялык эрежелердеги өзгөрүүлөр, ошондой эле Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы аба каттамдары боюнча суроолор талкууланды.
Элчи Д.Кемелова кыргыз диаспорасынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жүргүзүп жаткан иштери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун коргоо, ошондой эле EPS программысынын (иштөөгө уруксат берүүчү кореялык система) алкагында иштеп жаткан эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн талкуулаган конференциянын жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.
Элчи Кыргызстандын жарандарын консулдук каттоого турууга жана келе жаткан парламенттик шайлоонун алдында биометрикалык маалыматтарды тапшырууга чакырды, ошондой эле Кыргызстандыктарды Корея Республикасынын жашоочуларынын арасында Кыргыз Республикасынын позитивдүү имиджин алдыга жылдыруу үчүн презентацияларга активдүү катышууну суранды.
Элчиликтин делегациясы «Додамхобы» компаниясынын кеңсесине барып, анын директору, Кыргыз Республикасынын Пусан шаарындагы ардактуу консулуна талапкер Чу Сок Ёнг мырза менен жолугушту жана Кыргызстандын экспорттук потенциалын биргелешип илгерилетүү, коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам тартуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK