Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси “Hyundai Motors” компаниясынын Вице-Президенти менен жолукту

2020 жылдын 4 августунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова “Hyundai Motors” компаниясынын Вице-Президенти Кён Су Ким мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Элчи Д.Кемелова биздин өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди жана коронавирустан кийинки мезгилинде тыгыз кызматташууну сунуш кылды. Вице-президент өз кезегинде компаниянын потенциалы жөнүндө айтып берип, келечекте өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK