Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Өрт институтунун президенти Ким Илсо менен өрт коопсуздугу жаатында кызматташууну талкуулады

2022-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова Корей өрт институтуна барып, президент Ким Ильсо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова өрт коопсуздугу жаатында мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, атап айтканда, өрт коопсуздугунун системасын өркүндөтүү жана өрткө каршы алдыңкы техникаларды иштетүү ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.

Ошондой эле тараптар өрттү өчүрүү боюнча иш-аракеттерге үйрөтүү үчүн түзүлгөн Кыргыз-Корей окуу-машыгуу полигонун түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын өрткө каршы кызматынын кызматкерлерин Түштүк Кореяга окууга чакыруу, ошондой эле 2022-жылы КР ӨКМнин өкүлдөрүнүн Корея Республикасында өтө турган өрт коопсуздугу боюнча ЭКСПО көргөзмөсүнө катышуусу макулдашылды.

Мындан тышкары, Институт менен таанышуу болуп, анын жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова өрткө каршы жаңы жабдыктарды тестирлоо процессине катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK