Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова жетектеген делегация Чонджу шаарындагы Корея Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү Башкармалыгына барып, аталган ведомствонун Администратору – Башкы директору Ким Кёг Кю мырза менен жолугушту

2020-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова жетектеген делегация Чонджу шаарындагы Корея Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү Башкармалыгына барып, аталган ведомствонун Администратору – Башкы директору Ким Кёг Кю мырза менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда корея тарап менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Республикасынын Айылдарды өнүктүрүү башкармалыгынын ортосунда агрардык илимдер жана технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол койуу аземи болуп өттү. Буга чейин аталган Меморандумга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министри Э.У.Чодуев кол койгон жана дипломатиялык канал аркылуу Корея Республикасына жөнөтүлгөн.

Бул Меморандумдун алкагында Кыргызстанда Эл аралык айыл чарба программа Борбору түзүлөт (KOPIA). Аталган Борбор айыл чарба тармагындагы изилдөө жаатында кызматташууга көмөктөшөт, өсүмдүк жана үрөн өндүрүү, жергиликтүү шарттарга ылайыкташкан үрөндөрдү өстүрүү жана жалпысынан түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча Кыргызстандын потенциалын жогорулатуу менен алектенет.

 

Маалымат катары:

Кореялык программанын (KOPIA) негизги миссиясы төмөнкүлөр:

  • Корея тарап менен тажрыйба алмашуу жолу аркылуу жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган технологияларды өнүктүрүү жана үрөн өстүрүү;
  • Кирешелерди жогорулатуу максатында локалдаштырылган технологияларды жана тажрыйбаларды (практиканы) айыл жеринде жана фермерлер арасында жайылтуу;
  • мамлекеттик кызматкерлердин, эксперттердин, илимпоздордун, фермерлердин потенциалын алмашуу программалары ж.б. аркылуу жогорулатуу.

Дүйнөнүн 20 мамлекетинде Корея Республикасынын айыл чарбаны өнүктүрүү Башкармалыгынын KOPIA борборлору бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK