Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата Кувейттин Улуттук телеканалына интервью берди

2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата Кувейттин Улуттук телеканалына интервью берди.

Биринчи телеканалдын "Кутман таң, Кувейт" программасында катышуу учурунда Элчи А.Карагулов орто кылымдагы араб саякатчылары, Кыргыз ССРи жана Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондугу жөнундө айтып берди.

Кыргыз-кувейт эки тараптуу мамилелери, алардын калыптанууcу жана өнүгүү этаптары жөнүндө кыскача айтылды. Ал ошондой эле эң маанилүү аспектилер жана эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээли, анын ичинде Кувейт Араб Экономикалык өнүгүү фонду аркылуу тараптардын билим берүү, маданий жана гуманитардык чөйрөдөгү, анын ичинде коронавирус пандемиясы учурундагы жетишкендиктерин баса белгиледи.

Кувейттин телекөрүүчүлөрүнө Эл-Кувейттеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ролу жана эки мамлекеттин борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамын ачуу, ушул жылдын жайында Кувейттен жана Булуң өлкөлөрүнөн Кыргызстанга туристтик агымды көбөйтүү, кувейт туристтерин жана ишкерлерин өлкөнүн экономикалык чөйрөсү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана жалпысынан келечекке коюлган пландар менен тааныштыруу боюнча аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK