Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин пресс-релизи (2019-жылдын 15-апрели)

2019-жылдын 9-13 апрель мезгилинде КРнын КЭРдагы Элчиси Канайым Бактыгулова КЭР СУАРдын бир нече уезддерине жана шаарларына барды. Сапардын алкагында КЭР СУАРдын Элдик Ѳкмѳтүнүн төрагасынын орун басары Чжан Чуньлин, Кашгар округунун Администрациясынын вице-губернатору У Хунбин, Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык областынын губернатору Дильшат Кыдыркан, Улугчат жана Актоо уезддеринин башчылары Сыйар Кален жана Калбет Маматтурган менен жолугушту. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай региондор аралык, чек ара, инвестициялык кызматташуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү, Кыргыз Республикасынын азыктарын КЭР СУАРга экспорттоону илгерилетүү, эки тараптуу соодада баланска жетишүү боюнча чараларды кабыл алуу жѳнүндѳ маселелерди талкуулашты.

К.Бактыгулова Кыргыз Республикасы менен КЭР СУАРдын ортосундагы кызматташтыгынын оң динамикасын белгиледи, бул КР менен КЭРдин ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен декларациясынын рухуна ылайык келет. Кыргызстандын Элчиси, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жыл – региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоосун эске алуу менен кыргыз тарап Кыргызстандын облустары менен Кытайдын провинцияларынын ортосундагы, анын арасында СУАР менен кызматташтыкты жандандыраарын белгиледи. К.Бактыгулова, КЭР СУАР менен кызматташуу ар тараптуу мүнөзгө ээ, бул район аркылуу эки ѳлкѳнүн ортосундагы 80%га жакын бардык товар жүгүртүүнүн өтөөрүн билдирди.

Кытай тарап, тараптардын иш-аракеттеринин тыгыз координациясынын жана коопсуздук тармагында кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. КЭР СУАРдын расмий өкүлдөрү азыркы учурда Синцзянда коопсуздукту сактоо, терроризмге, диний экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрѳшүү жана жокко чыгаруу боюнча чара көрүү жѳнүндѳ маалымдады, ошондой эле кесиптик-техникалык билим берүү борборлоруна барууну уюштурду. Кытай тарап ар кандай адистиктер боюнча окуткан аталган борборлордун ролун жана маанисин түшүндүрүп, майда укук бузуулар үчүн кармалгандар бул борборлордо билим жана тажрыйба алып жумушка орношуп ѳз эмгеги менен акча табууга мүмкүнчүлүгү болот деп маалымат беришти. Бул борборлордо этникалык түзүүчүлөрү жок экендиги белгиленди. Ошол эле учурда, бул борборлордо этникалык кыргыздардын бар экендиги тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK