Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Ибраимов онлайн жолугушуу форматында Латвия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Андрис Пелшске чакырып алуу жана ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу, ошондой эле латвиялык тарабынан киргизилген чектөөлөрүн эске алуу менен бирге, 2021-жылдын 30-сентябрында резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Ибраимов онлайн жолугушуу форматында Латвия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Андрис Пелшске чакырып алуу жана ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Жолугушунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташууну,   анын ичинде эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин ортосундагы саясий консультацияларды уюштуруу жолу менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн зарылчылыгын белгилешти.

Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын мындан аркы жайылуусун алдын алуу боюнча биргелешкен күч-аракеттери боюнча өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.  

Ачык жана конструктивдүү маектешүүдө эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги негизги аспектер, анын ичинде БУУ, ЕБ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын аянтчаларда  өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK