Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министри К.Иманалиев Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм Министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту

2021-жылдын 12-13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министри К.Иманалиев Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм Министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту.

Тараптар маданият жана туризм жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашууну талкуулашты. Ошондой эле өз ара маданият күндөрүн өткөрүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгып, аны эки тараптын кароосуна жиберүүнү макулдашышты.

Эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү керектигин белгилеген Министр К.Иманалиев, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын министрликтеринин ортосунда маданият жаатында кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Аталган келишимде ар кандай кино жана театр фестивалдарын өткөрүү каралган.

Министр К.Иманалиев ТҮРКСОЙ жана ТТМККнын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда тараптардын үзүрлүү кызматташуусуна үмүтүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK