Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов иш сапары менен Чикагого барды

2024-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Чикаго шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган бир катар жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрдү.

Иш сапардын алкагында Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна барып, анда кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, консулдуктун ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

Мамлекеттик катчынын кыргыз искусствосун жана маданиятын жайылтууга багытталган жаңы демилге – “Kyrg Demy” кыргыз исскуство академиясынын салтанаттуу ачылышына катышуусу иш сапарынын маанилүү окуясы болду. Сүйүнбек Касмамбетов куттуктоо сөзүндө мындай долбоорлордун маданий мурастарды сактоо жана кыргызстандыктардын жаңы муунун алардын ата-тегин сыйлоо духунда тарбиялоо үчүн маанисин белгиледи.  

Мындан тышкары, мамлекеттик катчы салттуу кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер жана көркөм өнөр чыгармалары коюлган кыргыз этно-маданий көргөзмөсү, ошондой эле «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук бирикмесинде ачылган кыргыз тил жана улуттук бий боюнча класстары менен таанышып чыкты.

Иш сапардын соңунда Сүйүнбек Касмамбетов Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мекендештер менен өз ара аракеттенүү, маданий-агартуу демилгелерин колдоо маселелери талкууланды.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун Чикагого болгон иш сапары Кыргыз Республикасы менен анын АКШдагы диаспорасынын ортосундагы байланышты чыңдоодо, кыргыз маданиятын жайылтууда жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүүдө маанилүү кадам болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK