Кыргыз Республикасынын Новосибирск ш. Башкы консулдугунун маалымат билдирүүсү Алтай Республикасынын Катун дарыясында рафтинг учурунда каза болгон Кыргыз Республикасынын жараны жөнүндө

Кыргызстандын жана Россиянын ЖМКда Кыргыз Республикасынын М.С. аттуу жараны Алтай Республикасынын Катун дарыясында рафтинг учурунда каза болгондугу боюнча маалымат жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу төмөндөгүлөрдү билдирет.

2021-жылдын 20-июлунда Башкы консулдукка Алтай Республикасындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн “Мастерафт” компаниясында рафтинг боюнча инструктор болуп иштеген 1996-ж.т. Кыргыз Республикасынын М.С. аттуу жараны Катун дарыясынын Телдекпень-2 аймагында рафтинг учурунда чөгүп кетип, анын сөөгү изделип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү полиция жана өзгөчө кырдаалдар органдары менен биргеликте аталган жаранды бир нече күн издешкен, бирок сөөгүн таба алышкан эмес.

Ушул жылдын 30-июлунда эс алууда жүргөн туристтердин бири Кыргыз Республикасынын М.С. аттуу жаранынын сөөгүн Еланда аймагынын Катун дарыясында таап, полицияга билдирген.

Кыргыз диаспорасынын жардамы менен аталган жарандын сөөгү Кыргызстанга 2021-жылдын 4-августунда жөнөтүлгөн. Башкы консулдук тарабынан Кыргызстанга жүк-200дү жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн 70 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилген.

Кыргызстандын жараны каза болгон бул окуянын иликтенишин Башкы консулдук көзөмөлгө алды. РФтин ТИМдин Барнаул шаарындагы Өкүлчүлүгүнө, Алтай Республикасынын тергөө жана көзөмөлдөө органдарынын башчыларынын дарегине иштин тергелишин көзөмөлгө алуу өтүнүчү жөнүндө Башкы консулдуктун кайрылуулары жөнөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK