Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков «Борбордук Азиядагы мамлекеттер аралык кызматташтыктын факторлору. Чоң оюн индекси» эл аралык тегерек столуна катышты

2023-жылдын 16-июнунда Новосибирск облусунун Өкмөтүнүн имаратында, Новосибирск экономика жана башкаруу мамлекеттик универститети, А.М.Горчаков атындагы Элдик дипломатия коомунун колдоосу менен «Орто Азиядагы мамлекеттер аралык кызматташуунун факторлору. Чон оюндун индекси» аттуу илимий-изилдөө проектисинин жыйынтыктоочу тегерек столу өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу А.Айдарбеков Тегерек столдун жүрүшүндө сөз сүйлөп, өз сөзүндө жалпы транспорттук-энергетикалык коммуникацияларды өнүктүрүүдө, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууда, региондун коопсуздугун жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодогу оң тенденциялар пайда болгондугун белгиледи.

Ошондой эле кыргыз-орус эки тараптуу мамилелеринин өнүгүшү жана евразиялык интеграция процессин өнүктүрүүдө Россиянын ролун белгиледи.

Сөзүнүн аягында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу А.Айдарбеков уюштуруучуларга Борбордук Азия чөлкөмүнө арналган мындай илимий долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тегерек столдун катышуучуларын Ысык-Көлгө келип кетүүгө чакырды.

Тегерек стол Россия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан таанылган эл аралык эксперттердин катышуусунда өттү. Тегерек столго Кыргызстандан көз карандысыз эксперт, «Валдай» клубунун мүчөсү Рахимов Кубатбек катышып, «Борбордук Азиядагы мамлекеттер аралык кызматташтыктын өзгөчөлүктөрү. Кыргызстандын көз карашы» темасында доклад жасады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK