Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Кольцово илимий шаарында жайгашкан Новосибирск облусунун Биотехнопаркына барды

2021-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Кольцово илимий шаарында жайгашкан Новосибирск облусунун Биотехнопаркына барды.

Биотехнологиялык парктын аткаруучу директору Денис Кузьмин кыргыз делегациясын ишкананын илимий-өндүрүштүк комплексинин иши менен тааныштырды, анын ичинде химия-аналитикалык, микробиологиялык, клиника-диагностикалык жана электротехникалык лабораториялары камтылган. Лабораториялар аркылуу россиянын жана чет өлкөлөрдүн алдынкы компаниялары тамак-аш, парфюмерия-косметикалык, медициналык жана ветеринардык продукцияларын коммерциялык негизде сыноодон өткөрөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Новосибирск облусунун Биотехнопаркы менен Кыргызстандын ортосунда инновациялык жана илим сыйымдуу продукциялары чөйрөсүндө жогорку технологиялык бизнес үчүн инфраструктураны түзүү жана тажрыйба алмашуу жаатында илимий-техникалык кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле тамак-аш, фармацевтикалык жана ветеринардык продукцияларды чыгарган кызыкдар болгон кыргыз өндүрүүчүлөрү менен Биотехнопарктын түз байланыштарын түзүү талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу менен Новосибирск облусунун Биотехнопаркынын башкаруучу компаниясы – "Новосибирск облустук өнөр жай жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү борбору" аттуу Новосибирск облусунун мамлекеттик унитардык ишканасынын ортосунда кызматташуу жана эл аралык бизнес-долбоорлорду ишке ашырууда көмөк көрсөтүү боюнча Меморандумга кол коюлду.

Маалымат үчүн: Кольцово биотехнопаркы - жогорку фармацевтика, медициналык жана биотехнология тармагында иштеп чыгуу, изилдөө жана өндүрүш компанияларын топтогон изилдөө жана өндүрүштүк жайы.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK