Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Белужистан Инвестициялык Кеңешинин Башкы директору Саид Ахмед Сарпра жана аймактык координатору Шумаил Захид мырза менен жолугушту

2021-жылдын 15-июнунда, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Белужистан Инвестициялык Кеңешинин Башкы директору Саид Ахмед Сарпра жана аймактык координатору Шумаил Захид мырза менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өнүгүү жана тараптардын айыл чарбасына, тоо-кен тармагына жана башка тармактарга инвестицияларды тартуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Пакистан тарап Э.Бейшембиевди Белужистан провинциясына ардактуу конок катары келип кетүүгө чакырды. Ошондой эле кыргыз тарап Белужистандын өкүлдөрүн Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK