Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын Эл аралык мамилелер боюнча борборуна келип, ишкер чөйрөлөрдүн жана ЖМКлардын өкүлдөрү, студенттер менен кыргыз-пакистан мамилелери темасында сөз сүйлөдү

2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын Эл аралык мамилелер боюнча борборуна келип, ишкер чөйрөлөрдүн жана ЖМКлардын өкүлдөрү, студенттер менен кыргыз-пакистан мамилелери темасында чыгып сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев Кыргызстандын инвестициялык климаты, экономикалык жана туристтик потенциалы боюнча маалымат берди, пакистандык тарапка Борбордук Азиянын, ЕАЭБдин жана ЕБнын рыногуна товарларды өндүрүү жана экспорттоо максатында биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн Кыргызстандын транзиттик жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдаланууну сунуш кылды.

Талкуунун жүрүшүндө, түздөн-түз үзгүлтүксүз аба каттамдар, жогорку билим берүү, маданий алмашуу, эки өлкөнүн эксперттик коомчулугу менен ЖМКлардын ортосундагы байланышты активдештирүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Иш-чара чоң кызыгууну жаратып, бир катар жергиликтүү гезиттерде жана электрондук маалымат каражаттарында, ошондой эле «INDUS» жана «ABBTAKK» телеканалдарында чагылдырылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK