Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги "Нооруз" майрамын белгилөөгө катышты

2021-жылдын 27-мартында Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги, ошондой эле Афганистан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, БУУнун Пакистандагы кеңсеси, ошондой эле Пакистандын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте «Нооруз» майрамына арналган иш-чарага катышты.

Иш-чара Биринчи айым Бегум Самина Ариф Алвивин, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн, Пакистандын ишкерлеринин жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн катышуусунда өттү.

Коноктордун катарында Гилгит провинциясында жашаган этникалык кыргыздар дагы катышышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилиги павильон уюштуруп, анда коноктор Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, ошондой эле улуттук тамак-аштардан жана салттуу "максым" жана "чалап" суусундуктарын даамдап көрө алышты.

Майрам маска режимин жана социалдык дистанцияны так сактоо менен өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK