Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын "North South Transport Network" транспорттук-логистикалык компаниясынын директору Мухаммед Анвар менен биргеликте бир катар жолугушууларды өткөрдү

2021-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын "North South Transport Network" транспорттук-логистикалык компаниясынын директору Мухаммед Анвар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эл аралык авто ташуучулар ассоциациясынын өкүлү Б.Мамытов жана Кыргыз Республикасындагы UBS Express" жана "UBS Transit"  ири транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

Тараптар жүк ташуу жаатында Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн транспорттук-логистикалык тутумдарды оптималдаштыруу, товарларды жеткирүү жолдорун кеңейтүү маселесин көтөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK