Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Балучистан провинциясынын экс-губернатору Мухаммед Хан Ачакзай менен жолугушту

2021-жылдын 4-августунда Исламабадда Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев мырза Балучистан провинциясынын экс-губернатору Мухаммед Хан Ачакзай мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашып, эки өлкөнүн элдеринин маданий жана тарыхый байланыштарынын маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар ошондой эле Ооганстандагы кырдаалдын алкагында эл аралык жана регионалдык күн тартибин талкуулашты.

Мухаммед Хан Ачакзай мырза Элчи У.Тотуяевге Пакистанга келген биринчи күнү жолугушканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK