Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Э.Бейшембиевдин Пакистандын фармацевтикалык "Salbion" компаниясынын өкүлдөрүнүн "Аю-Фарм" холдингинин жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү
2021-жылдын 28-мартында Токмок шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Э.Бейшембиевдин Пакистандын фармацевтикалык "Salbion" компаниясынын өкүлдөрүнүн "Аю-Фарм" холдингинин жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, фармацевтика жаатында кызматташуу, дары-дармектерди өндүрүү, тажрыйба алмашуу боюнча маселелер талкууланды.
Жолугушуунун алкагында, Пакистан тарап Токмоктогу ири фармацевтикалык заводдо болуп, ал жерде ишкананын өндүрүштүк кубаттуулуктары менен таанышты.