Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев "Регионалдык байланыштын жалпы жыргалчылык үчүн мааниси: мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар" аттуу конференцияга катышты

2021-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Глобалдуу жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун тарабынан Исламабадда уюштурулган: "Регионалдык байланыштын жалпы жыргалчылык үчүн мааниси: мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар" аттуу конференцияга катышты.

Иш-чара Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Беларусь, Индонезия, Вьетнам элчилери, эксперттер жана илимий изилдөөчүлөр, ишкерлер, мугалимдер жана студенттердин катышуусунда өттү.

Элчи У.Тотуяев өз сөзүндө Эркечтам жана Торугарт чек ара өткөрүү пункттары аркылуу Пакистандан Борбор Азияга карай Кыргызстандын унаа жолунун өзгөчө маанилүү жана кыска жол катары ролун, Кыргызстан "Төрт тараптуу транзиттик транспорт боюнча Пакистан-Кытай-Кыргызстан-Казакстан ортосундагы келишимдин" катышуучу болгонун белгиледи.

Конференциянын жүрүшүндө, Борбор Азиянын, ЕАЭБ жана ЕБ рынокторго буюмдарын экспорттоо максатында, Кыргыз Республикасында ишканаларын ачууну, ошондой эле академиялык байланыштарды жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK