«Кыргыз Республикасынын Президентинин Россия Федерациясына болгон иш сапарынын жыйынтыктары: Кыргызстан менен Россиянын 2021-жылдагы мамлекеттер аралык кызматташтыгынын негизги багыттары жана келечеги» деген темада онлайн видео конференция болуп өттү

2021-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кеңешчиси – кичи Элчиси Айдит Эркиндин катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Президентинин Россия Федерациясына болгон иш сапарынын жыйынтыктары: Кыргызстан менен Россиянын 2021-жылдагы мамлекеттер аралык кызматташтыгынын негизги багыттары жана келечеги» деген темада онлайн видео конференция болуп өттү. Иш - чараны «Пикир» Кыргыз Республикасынын Аймактык эксперттер клубу уюштурду.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн өкүлү иш сапардын жыйынтыктары жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелердин мындан аркы келечеги жөнүндө маалымат берди.

Бул жолугушуу кыргыз тараптын россиялык инвесторлорду тартууга жана колдоого болгон умтулуусунун көрсөткүчү катары кызмат кылгандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасында өлкөдө ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүнүн кепилдиги болуп саналганы белгиленди. Ошону менен бирге, А.Эркин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров өз сөзүндө "анын кызматка киришкен мезгилдеги алгачкы жарлыктарынын бири инвестициялык чөйрөнү, ишкердик климатты жана капиталдын эркин кыймылын олуттуу жакшыртуу зарылчылыгына багытталганын" айтканын белгиледи.

Сапардын жүрүшүндө маалыматтык коопсуздук, аскердик-техникалык кызматташуу, ошондой эле айыл чарба тармагында эки тараптуу 7 документке кол коюлду.

А.Эркин дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Россия Федерациясына алдын ала келген жана өздөрүнүн визавилери менен эки тараптуу өз ара аракеттердин актуалдуу маселелерин, анын ичинде  айыл чарба, транспорт, аба транспорту, саламаттыкты сактоо, энергетика, инвестиция тартуу, өнөр жай ж.б. тармактарда маселелерди талкуулап, жемиштүү иштерди жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларынын иштерин оң баалады.

Сөзүнүн аягында А.Эркин иш сапар ийгиликтүү жана жемиштүү болгонун, түз байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк  рухунда кызматташууну чыңдоого жаңы дем бергенин деп баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK