Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү Т.Ш.Масадыков Афганистандын де-факто бийлигинин башкармалыгы менен жолугушуу өткөрүү үчүн иш сапары менен Кабулга келди

 

2022-жылдын 6-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү Т.Ш.Масадыков Афганистандын де-факто бийлигинин башкармалыгы менен жолугушуу өткөрүү үчүн иш сапары менен Кабулга келди.
 
Иш сапардын жүрүшүндө АИЭнин Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Г.Барадар менен, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу А.С.Ханафи менен, Тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Ш.М.Аббас Станикзай менен жолугуушар өтүп регионалдык коопсуздук жана эки тараптуу соода-экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча жана транспорттук жолдорду жана афган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнүн мүмкүнчүлуктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK