Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.К.Самат Москванын кыргыз диаспорансынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Москва улуттар үйүнүн (МДН) директору В.Тарасов менен жолугушуу өткөрдү

2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.К.Самат Москванын кыргыз диаспорансынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Москва улуттар үйүнүн (МДН) директору В.Тарасов менен жолугушуу өткөрдү. Маектешкендер Москвадагы кыргыз диаспорасынын Москвадагы улуттар үйүнүн ишине катышуусун талкуулашты. Элчи МУҮдун этномаданий ар түрдүүлүктү сактоодо, этностор аралык тынчтыкты жана ынтымакты орнотууда салым кошкон иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө ролу жогору экендигин белгиледи.

В.Тарасов МУҮдун эшиктери Россияда жашаган бардык элдер жана улуттар үчүн ар дайым ачык экендигин баса белгилеп, кыргыз диаспорасынын демилгелерин колдоого жана иш-чараларды өткөрүү үчүн Улуттар үйүнүн аянтын берүүгө даяр экендигин билдирди.

В.Тарасовго Москва шаарындагы кыргыздар тарабынан жазылган "Москва кайрыктары" аттуу алтынчы ырлар жыйнагын белекке беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK