Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүльнара-Клара Самат менен Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Жалалинин жолугушуусу болуп өттү

Ушул жылдын 4-августунда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүльнара-Клара Самат менен Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Жалалинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар COVID-19га байланыштуу өлкөлөрдөгү кырдаал, ошондой эле инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алмашышты.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө өз ара каалоолорун билдиришти, кыргыз-иран кызматташтыгын чыңдоо максатында ар кандай деңгээлде эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы мамилелердин келечеги боюнча пикир алмашышты, ошондой эле байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү боюнча бирдиктүү түшүнүккө келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK